Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдө дагы 22 адамдан коронавирус аныкталды. Арасында 10 дарыгер бар

Өлкө боюнча 612 тастыкталган учур катталды

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 22 адамдан коронавирустук инфекция аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Бишкекте - 10, Чүй облусунда- 2, Ошто - 4, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 4, Нарын облусунда - 1, -деди ал. - Республика боюнча жалпы тастыкталган учур - 612. 38 жаран айыгып, доктурган чыгышты. Өлкө боюнча коронавирусту 254 адам жеңип чыкты. Сутка ичинде 10 дарыгер илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Жалпы 157 медициналык кызматкерлерден коронавирус аныкталган. Обсервацияларда 682 киши бар, алар лабораториялык тесттерди тапшырып жатышат. Стационарларда 351 жаран бар, бешөө кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх