Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жарандар коронавируска өз алдынча текшериле алчу лаборатория иштеп баштады

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары бөлмөдө таза абанын жетишсиздиги илдетти жуктуруу тобокелдигин көбөйтөрүн белгиледи

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингдин жүрүшүндө жарандарды кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди.

Медициналык кызматкерлер ар кандай инстанцияларга кайрылып, аларды жеке коргонуу каражаттарынын бардык комплекттери менен камсыздоону суранып жатышканы боюнча Үсөнбаев төмөнкүдөй жооп берди:

- Бизде ар бир медициналык кызматкерди коопсуздуктун үчүнчү деңгээли менен жабдуу тапшырмасы жок, - деп белгиледи Үсөнбаев. - Министрликтин буйругу бар, ага ылайык, коронавирустук инфекция менен түздөн түз иштөөгө тартылган мекемелер менен адистер бектилген, мына ошолордун керек-жарак жабдыктары тийиштүү деңгээлде болушу керек. Биз мындай маселелерди жеринде жетекчилик менен чечүүнү суранабыз.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары ошондой эле Польша жана Кытайдан келген дарыгерлердин тобу коронавирустук инфекцияны жуктуруунун бир катар факторлорун атап беришкенин билдирди.

- Бөлмөдөгү абаны алмашып туруу зарыл, дайыма таза аба болушу керек, - деди Үсөнбаев. Экинчиден, дарыгерлер биз дайыма айтып келген колдордун тазалыгына көңүл бурушту. Дезрежим ар бир ишканада сакталууга тийиш. Аралыкты сактоо режими дагы аткарылышы керек. Көчөдө жүргөн элибиздин көптүгү боюнча бизге эскертүү жасашты.

Муну менен бирге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бишкекте биргелешкен лаборатория ишке киргенин маалымдады. Анда жеке жана мамлекеттик лабораториялардын кызматкерлери иштейт. Лаборатория төмөндөгү дарек боюнча иштейт: Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 92. Жарандар ал жерден өз алдынча коронавируска тест тапшыра алышат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх