Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропортуна кеткен жолдо бир нече километрлик тыгын жаралды (видео)

ЖККБ адамдар тепловизорлор менен текшерилип жатканын, тыгындын себеби ушул экенин айтышты

«Манас» эл аралык аэропортуна кеткен жолдо бир нече километрлик тыгын жаралды. Муну ырастаган видео «Короче» телеграм-каналында жарыяланды.

Чүй облусу боюнча ЖККБ инспекторлор менен санэпиднадзордун дарыгерлери керектүү иш-чараларды өткөрүп жатышканын Vesti.kg сайтына билдиришти.

- Азыркы учурда инспекторлор менен санэпиднадзордун дарыгерлери ар бир айдоочунун дене табын текшерип жатышат, - деп жооп берди мекеменин басма сөз кызматы. - Айдоочулардын документтери да текшерүүгө алынууда.

Эгерде тепловизор жарандын дене табы жогору экенин көрсөтө ал ооруканага текшерилүүгө жөнөтүлөрү белгиленди.

Фото www
Видео «Короче»

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх