Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин коменданты орозодо ооз ачырып, конокко чакырууга тыюу салды

Алмазбек Орозалиев көп элдин топтолуусунун коркунучтарын эске салды

Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев көп элдин катышуусундагы иш-чаралардын кооптулугун эске салып, жарандарды Орозо айында ооз ачырып, үйгө конокторду чакырбай турууга чакырды.

- Эртең мусулмандардын ыйык айы башталат, - деп белгиледи ал. - Тилекке каршы, Орозо айы өзгөчө абал менен карантиндин катаал шарттарына туш келип калды. Ооз ачыруу сооп иш, бирок, азыркы кырдаалга жана чектөөлөргө байланыштуу аны өткөрүүгө тыюу салынды. Рамазан айында мындан да сабырдуу болууга суранабыз. Конок чакырып, үйгө эл топтоп,  көп кишинин катышуусунда намаз окууга болбойт.

Эске салсак, Орозо айы Кыргызстанда эртең, 24-апрелде башталат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх