Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Түркиядан келген кыргызстандыктардан коронавирус чыкты

Коронавирус аныкталган жарандар ооруканага жаткырылып, калган жүргүнчүлөр 14 күнгө үй карантинине жиберилди

Бир нече күн мурда Түркиядан учуп келген кыргызстандыктардын кээ биринен коронавирустук инфекция аныкталды. Бул тууралуу онлайн-брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Чартердик каттамдын бардык жүргүнчүлөрүнөн анализ алынган, - деди ал. Алардын арасынан коронавирус аныкталгандар болду. Алар ооруканага жаткырылды. Анализдери таза чыккан калган жүргүнчүлөр 14 күндүк үй карантинине жиберилди.

Муну менен бирге ал кечээ Новосибирскиден келген кыргызстандыктар үй карантинине жөнөтүлөрүн белгиледи.

- Жарандар обсервацияга жайгаштырылып, ал жерден тесттер алынды, - деди министрдин орун басары. -Анализдердин жыйынтыктары чыгып, санитардык-карантиндик чараларды сактоо боюнча милдеттенмелерго кол коюшкандан кийин алар дагы үй карантинине жиберилет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх