Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРда коронавируска чалдыккан ар бир бейтапты дарылоого 3 миң долларга жакын каражат сарпталууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги социалдык-экономикалык чыгымдын так өлчөмүн азырынча аныктай элек

Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккан ар бир бейтапты дарылоого болжолдуу түрдө 3 миң доллар сарпталууда. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Республикалык штабдын басма сөз катчысы Үсөнбаевге Өзбекстанда ар бир бейтап 3 миң долларга дарыланып жатканы расмий айтылганын белгилеп, Кыргызстанда илдетке чалдыккандарды дарылоого канча каражат сарпталууда экенин сурады.

- Биз ар бир учурдун социалдык-экономикалык чыгымдарын санаганга жетише элекпиз, бирок, биздин өлкө деле болжолдуу түрдө ушундай чыгаша кетип жатат болушу керек.

КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары ошондой эле бүгүнкү күнгө карата милиция кызматкерлеринин арасында коронавируска чалдыккандар жок экенин белгиледи. Коронавирус менен күрөшүп жатан прокурор дагы деле реанимацияда.

Мындан сырткары, ал ӨКМ кызматкерелиринин арасында ооругандар жок экенин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх