Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

9-майда Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак ачылат (видео)

Сейил бак Чолпонбай Түлөбердиев менен Көкчөтоо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

Бишкекте Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин урматына курулган сейил бак үстүбүздөгү жылдын 9-майында ачылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме бүгүнкү күнгө чейин кандай иштер аткарылганы турасында маалымат билдирди.

- 750 тонна таштанды чыгарылып, 120 бак кыркылды, - деп билдиришти алар. Жалпы аянты 8,7 гектар. Топурак ташылып келип, газондук чөп себилди.

Ошондой эле сейил бактын ортосунда Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулганы белгилүү.

Эс алуу багы Чолпонбай Түлөбердиев менен Көкчөтоо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Белгилүү болгондой, сейил бакты «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекз жашыл чарба» жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери курган.

Эске салсак, Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согушта өз денеси менен дзоттун амбразурасын жабып, стратегиялык плацдармды басып алууга чоң салым кошкон.

Чолпонбай Түлөбердиевдин сөөгү Воронеж облусунун Ленин районундагы Селявный кыштагында эрдик кылган жеринде жерге берилген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх