Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрилиги: Коронавируска чалдыккан адамдар менен байланышта болгон белгилүү адамдардын бири дагы ооруп калган жок

Нурболот Үсөнбаев борбор калаадагы ҮБДнун медициналык кызматкерлери коронавируска акысыз тест тапшырышарын билдирди

-Коронавируска чалдыккан адамдар менен байланышта болгондордун арасында белгилүү адамдар дагы болгон. Алар обсервациялык көзөмөлгө алынып, үй карантининде болушту. Бактыга жараша, алардын биринен дагы коронавирус аныкталган жок, - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингдин жүрүшүндө.

Муну менен бирге Үсөнбаев ҮДБнун медициналык кызматкерлерин коронавируска акысыз тест тапшыра турган адамдардын биринчи тобуна бекитишкенин маалымдады.

- Бул COVID-19 илдетин жуктуруп алгандар менен тыгыз байланышта болгондор, - деп улантты министрдин орун басары. - Учурда коронавирустун жаңы учурлары катталып жаткан жерлерде, чоң тобокелдикте иштеп жаткан дарыгерлердин тизмеси түзүлүп, графиктер аныкталды.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх