Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар колдорун тез-тезден жууганынан улам ичеги ооруларынын көрсөткүчү азайды

Бир эле ҮДБда кайрылуулардын саны 60 пайызга кыскарган

Коронавирус кыргызстандыктардын жашоосунда жагымдуу өзгөртүүлөрдү дагы алып келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирдиК.

Аксы районунун Үй- бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Разилбек Борукуловдун айтымында жарандар колдорун тынымсыз жууп, жеке гигиена эрежелерин сактап калгандыктан курч ичеги-карын инфекциясы менен кайрылгандардын саны кескин кыскарган.

«2019-жылдын үч айында мындай кайрылуулардын саны 18 болсо, 2020-жылдын ушул эле мезгилинде болгону үч жаран курч ичеги-карын инфекциясы менен кайрылган», - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Манас Кольбаев
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх