Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дубай-Бишкек каттамынын эки жүргүнчүсүнөн коронавирус аныкталды

БАЭнан Кыргызстанга жалпысынан 181 жаран келген. Чүй облусунун башчысынын чечими менен алар Ак-Кеме мейманканасынан Беловодскидеги ооруканага которулушууда

БАЭнан Бишкекке кайтып келген жарандардын арасынан эки адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

- Ошондой эле коронавируска шектелген, бирок, анализдери таза чыкан 4 адам обсервацияга калтырылды, - деп кошумчалашты алар.

Ушул эле каттам менен келген кыргызстандык М.А. аттуу жаран Ак-Кеме мейманканасынагы обсервациядагы адамдарды башка карантиндик аймакка кантип которуп жатышканын Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Бул Чүй облусунун башчысынын чечими деп бизге айтышты, - каттоосу ушул аймактагылардын бардыгы Беловодскинин ооруканасына которулуп жатышат, - деп билдирди ал. Биз каршы эмеспиз, бирок, коопсуздук чаралары сакталбай жатат. Бир унаага 5-10 кишиден алып кетишүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, БАЭнан Кыргызстанга чартердик каттам менен 181 жаран кайтып келген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# КЮ! 28.04.2020 16:29
Ау, киргизы, вы где???? Чего здесь не комментируете????
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх