Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери: Айрымдар вирусту америкалыктар же кытайлыктар лабораториядан түзүшкөн деп ишенип жүрүшөт. Андай эмес

Гүлжигит Аалиев дүкөнгө жана базарга гана чыгып, коронавирус жуктуруп алган бишкектик тургун жөнүндө айтып берди. Ал ооругандар менен байланышта болгон адамдардын тизмесинде да жок болчу

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын кызматкерлери жакындарын көрбөй дем алышсыз иштеп жатышканына бир айдан ашык убакыт болду.

Бул ооруканада учурда 122 бейтап коронавирустук инфекциядан дарыланып жатат. Алардын 23ү - жаш балдар.

Мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Vesti.kg сайтына маек берип, анда балдар вирусту кантип көтөрөрүн жана илдетке чалдыккандар менен иштеген алгачкы күндөрү анда коркуу сезимдери болгонбу айтып берди.

COVID-19 илдети аныкталган канча бейтап учурда сиздердин ооруканада дарыланышууда?

Жалпы 135 бейтап, 122синен коронавирус аныкталган, алардын 23ү - балдар. Ошондой эле 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Балдар вирусту кантип көтөрүшөт экен?

Биздин ооруканада кээ бир балдар ата-энеси же туугандары менен жатышат. Бардыгы катуу режимди жана эрежелерди сакташат. 10 жашка чыга элек балдар коронавирус менен ооруп жатышканын деле билишкен жок.

Вирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин абалы кандай?

Психологиялык жактан аларга абдан катуу келди, биз алар менен баарлашып, сүйлөшүп жатабыз. Мындан сырткары, алар кесиптештери айыгып, чыгып кетип жатышканын өз көздөрү менен көрүп, биз да үйүбүзгө кетебиз деп үмүттөнө башташты.

Ооруну жеңип, кызматына кайра киришкен да дарыгерлер бар.

Гүлжигит Кенжекараевич, сиз оорулуулар менен байланышып, мурдагыдай жумуштан кийин үйүңүзгө бара албайсыз да. Кайда түнөп жатасыз?

Бүгүн биз кызматкерлер болуп ушул жерде, ооруканада жатып иштеп жүргөнүбүзгө 1 ай, 6 күн болду. Башка аймактарда дарыгерлер 14 күн иштеп, 14 күн обсервацияда жатышса, биз 23-марттан бери дем алышсыз иштебиз. Биздин өлкөдө эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө түзүлгөн абалга түшүнүү менен карап, тынбай эмгектенип жаткан кесиптештериме терең ыраазычылык билдирип кетет элем.

Албетте, бизде иштеген бардык кесиптештеримдин жаш балдары бар, үй-бүлөсү, ата-энеси күтүп жатышат. Ушунун бардыгына карабай иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө бизде 200гө жакын адам кызматта. Биринчи күндөрү кызматкерлердин саны аз болчу, коронавируска чалдыккан бейтаптардын саны көбөйгөн сайын кошумча адистерди тарта баштадык.

Учурда биз бардык командабыз менен бирге ыйлап да, бирге күлүп да жатабыз. Жакында эле бир кызматкерибиздин жакын адамы каза болуп калды. Баарыбыз чогуу азасын бөлүштүк.

Мындан сырткары, биздин бейтапкананын кызматкерлери аймактардагы дарыгерлер жардам берип, консультация өткөрүп жүрүшөт.

Дарыгерлер коронавирустук инфекция жуктурган бейтаптар менен иштегенден баш тарткан учурлар болдубу?

Андай учурлар болгон жок. Бирок, биз дагы ар бирин жекече карап жаттык, анткени, кызматкерлердин арасында кош бойлуулар, жалгыз бой энелер, өнөкөт оорулары бар дарыгерлер, жашы улгайып калгандары жана үй-бүлөсүн жалгыз баккандар бар. Биз аларды коё бердик, бирок, алар эс алышкан жок. Алар учурда бизге келчү бейтаптарды кабыл алып жаткан ооруканаларда эмгектенишүүдө.

Медперсонал канча убакыт сайын коронавируска тест тапшырып турат?

Биз кызматкерлерди күн сайын текшерип турабыз. Эртең менен жана кечинде дене таптарын өлчөйбүз. Бейтаптар менен бригадалар алты сааттан иштешет. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, алар дароо изоляцияга алынып, тест алынат.

Кудайга шүгүр, биздин кызматкерлердин арасында вирус жуктургандар боло элек. Биз Кытайда эпидемия башталганын укканда эле дароо алардын адистери менен байланышып, маалымат алганбыз. Башкача айтканда, биз алдын ала даяр элек жана коргонуу костюмдарын, дары-дармектерди сатып алып койгонбуз. Биз жамаатты биринчи күндөн тарта жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылганбыз.

Ошондой эле, кызматкерлерге коргонуу каражаттарын кантип туура кийип чечүү керектиги да окутулган. Бул процессти көзөмөлдөгөн адистер бар, анткени бул өтө маанилүү. Кымындай катачылык кетирсең ооруну жуктуруу коркунучу туулат.

Медиктер коргонуу костюмдары менен канча убакыт жүрүшөт?

Алты саат, анткени, костюмдарды кийип иштөө абдан кыйын. Кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө иштегендер абалы өтө оор бейтаптар менен байланышта болгондуктан, андан да аз убакыт жүрүшөт.

COVID-19 жуктургандар менен иштөө башында сизге коркунучтуу болгон жокпу?

Биз башка ооруканаларга караганда эрте иш алып бара баштадык, тагыраагы февралдын аягынан тарта. Бизге башка өлкөлөрдөн учуп келген жарандарды алып келип жатышты. Обсервациянын алдындагы текшерүү бизден өтчү. Албетте, коркосуң, бирок, биринчи ирет өзүңдүн кызматкерлериң үчүн кооптонот экенсиң. Ооруп калышпаса экен деп кудайдан тиленип жүрдүм. Дарыгерлер жапырт ооруп калса, элди ким дарылайт?

Учурда биздин башкы максат - COVID-19 аныкталган бейтаптардын тез убакытта айыгышы. Ооруну жеңип чыккан ар бир жарандын ооруканадан үйүнө чыгып кетиши - биз үчүн майрам.

Дээрлик бүтүндөй дүйнө бул вирус менен күрөшүп жатканына карабастан COVID-19 жок дегендер да көп. Эмнеден улам?

Учурда коомчукта ар түрдүү пикирлер жүрөт: айрымдар вирусту атайын лабораторияда жаратышкан дешсе, башкалары америкалыктардын же кытайлыктардын кылганы деп ишенишет. Саясатчылар элди уурдап-тоноо үчүн же фармацевтикалык компаниялар жаңы дарыларды чыгарып, бизнес кылуу үчүн ойлоп табышыптыр деп да жүрүшөт.

Мен медициналык кызматкер катары бул андай эмес деп билдирем. Учурда коронавирустун 30га жакын түрү бар, алардын ичинен алтоо адамга жугушу мүмкүн. Жаңы COVID-19 чындыгында эле бар. Бул окумуштуулар тарабынан тастыкталган, аларга мен ишенбей коё албайм. Биз өзүбүз ага күбө болуп жатабыз.

Кыргызстандыктарга кандай кеңештерди берип кетесиз?

Эң башкы коргонуу - изоляция. Үйдө отуруу абдан маанилүү, тартип керек. Күн жылыган сайын көчөлөрдө адамдар көп баса башташканын угуп жатабыз. Бул кооптуу.

Бизде мисалы илдетке чалдыккандар менен байланышта болбогон бейтап бар. Анын айтымында ал базарга жана супермаркетке гана барган. Азыр ал дарыланып жатат.

Мен элибизди үйдө отуруп, өздөрүн жана жакындарын коргоого чакырат элем.

2020-жылдын 28-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккан 708 учур катталды. Алардын 416сы айыгып чыгып, 284ү - ооруканаларда дарыланууда, алты бейтап - реанимацияда

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх