Азиз Суракматов: Жаңы конуштарда абал кооптуу бойдон калууда
Муниципалитеттин башчысы алардын он төртөөндө коронавирус жуктуруу учурлары катталганын баса белгиледи
Жаңы конуштарда абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу онлайн-брифингдин жүрүшүндө Бишкектин мэри Азиз Суракматов маалымдады.
Анын айтымында аларыдн он төртөөндө COVID-19 вирусун жуктуруу учурлары катталган.
- Илдетке чалдыккан 183 жарандын 143ү шаарда жашайт, 38 - башка аймактардын тургундары, 43 жаран - жаңы конуштардын өкүлдөрү, - деди Суракмактов. - 47 жаңы конуштун 14үндө коронавируска чалдыгуу учурлары катталды.
Муниципалитеттин башчысы алардын жашоочулары санитардык постторду орнотуп жатышканын белгиледи.
Эльдос Казыбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз