Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлик: Гемодиализ алып жаткан 10 адам көз жумду

Парламентте бул медициналык процедуранын баасын азайтууну суранышты

Гемодиализ алууга муктаж жарандардын көбү доллардын куну көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул процедуранын акчасын төлөй албай калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева айтып чыкты.

Ал гемодиализдин сеансынын баасын карап чыгуу керектигин билдирди.

- 160ка жакын адам кезекте турат экен, - деди эл өкүлү. Бейтаптарда гемодиализди төлөөгө акча жок.

Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов мекеме бул маселени карап жатканын маалымдады.

- Акыркы үч айда гемодиализ алып жаткан 10 адам каза болду, - деп белгиледи ал. -175 бейтап кезекте турат. Көз жумгандар өлкөнүн бардык аймактарынан. Биз Финансы министрлиги менен маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз, бирок, каражат керек. Каржылоо булактарын тапкан күнү биз сиздерге кабарлайбыз.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх