Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 дагы бир кыргызстандыктын өмүрүн алды. Ооруга жаңы чалдыккандардын саны - 28

Коронавирустан өлкө боюнча жалпысынан 12 адам каза тапты. Жалпы ооругандардын саны 871ке жетти

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир аял көз жумду. Ал өнөкөт башка оорулардан да жабыркап жүргөн. Жайыл районунда дарылануу учурунда илдетти жуктуруп алган. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Каза болгон аял 67 жашта болгон, - деди ал. - Анда эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик аныкталган. Мындан сырткары, ал порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тартып жүргөн.

Өлкө боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккан 12 адам каза тапты.

Ал ортодо өлкө боюнча айыгып чыккандардын саны 614кө жетти.

- Сутка ичинде ооруканалардан 14 бейтап ооруканалардан чыгарылды, - деп кошумчалады Үсөнбаев. - Ысык-Көл облусунда акыркы бейтап коронавирусту жеңип, үйүнө чыгарылды. Учурда аймакта ооруга чалдыккан жарандар жок.

Өткөн сутка ичинде коронавирус 28 адамдан аныкталды. Алардын 16сы- Бишкекте.

- 28 учурдун ичинен бешөө - башка мамлекеттерден келгендер, - деп маалымдады министрдин орун басары. - Бир жаран Дубайдан келген жана Тажикстандан учуп келген үч студент бар.

Кыргызстанда COVID-19 тастыкталган учур 871ге жетти.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх