Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги көчөдө жүргөн элдин саны азайбаса, катуу чектөөлөрдү кайра киргизүү караларын эскертти

Министрдин орун басары эпидемиологиялык абал бир жума ичинде оорлоп кетиши мүмкүн экенин белгиледи

Эгерде кыргызстандыктар элге аралашпоо, обочолонуу шарттарын сакташпаса, анда бардык чектөөлөрдү кайра киргизүүгө туура келет. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында өлкө аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу чыңалган бойдон калууда.

- Азаюу азырынча байкалган жок, - деди Үсөнбаев. - Өзүңүздөр көргөндөй, бүгүн дагы 28 адамдан коронавирус аныкталды. Азыр абалды күчөтпөш үчүн алдын алуу иш-чараларын өткөрүп, эпидемиологиялык абалды оңдоону камсыз кылуу керек. Айрым аймактарда өзгөчө абал жүрүп жатканына карабай, көчөдө жүргөн кишилердин саны көбөйүп, базарлар иштеп баштады. Мунун бардыгы вирустун жайылышы алып келиши мүмкүн. Автоунаалар абдан көп. Берилген сунуштарда кулак төшөө керек. Эгерде ушул бойдон улана турган болсо, карантиндин катуу талаптарын киргизүүгө туура келет.

Үсөнбаев ишке кирген ишканалар санитардык эрежелерди сактабай жатышканын белгиледи.

- 275 объектиде текшерүү жүргүзүлүп, алардын бардыгына эскертүүлөр берилди, - деди ал. - Эгерде калк тартипти кармабаса, бир жуманын ичинде эпидемиологиялык абал күчөп кетиши мүмкүн. Андыктан, обочолонуу чараларын катуу сактасаңыздар. Вирустан өнөкөт оорулары бар же жашы улгайган адамдар каза таап жатканын эсиңерден чыгарбагыла. Ата-энелерге, чоң ата-чоң апаларга коркунуч жаратышыбыз мүмкүн.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Нуржамал 06.05.2020 12:06
Туура эмес кылдынар, организационный моменттеринер жакшы болгон жок, надо было закрыть сразу на 3 месяца, а потом уже открыть, а так, что люди гуляют, посттордо эч кандай туура эмес мамиле, машинада баратсан текшеришет баштарын машинанын ичине салып жиберишет, эмне мындай эле карашса болбойбу, андан тышкары органдын адамдары турат без масек и перчаток, эл журот кочодо жайылып жайлоодо жургондой, просто надо было началосында эле квартальныйлардын ишин контрольдош керек болучу,, списокторду тузуп туруп и надо было разделить на это кол-во людей требующих помощи, а не так как вы проделали, маски не качественные и не соответствуют стандарту
правительство я не скажу бездействует, но увы мы видим только одно, что слабую работу организаторскую, это не только мое мнение, это мнение большинства......
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх