Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурболот Үсөнбаев: Эне жана баланы коргоо борбору жаңы бейтаптарды кабыл албайт

Балдар ооруканасында коронавирус жуктурган бардык бейтап обсервацияга жайгаштырылды

Улуттук эне жана баланы коргоо борбору жаңы бейтаптарды кабыл албайт. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында балдар ооруканасында 17-апрелден 24-майга чейин баласы менен келин жаткан.

- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда 17-апрелден 24-апрелге чейин баласы менен келин жаткан, - деп белгиледи Үсөнбаев. - Айыгып чыгып кетишкенден кийин алар бир аз убакыт Бишкекте болушуп, андан кийин Жалал-Абад облусуна кетишкен. Облуска келгенде профилактикалык максатында алардан анализ алынып, COVID-19 бар экени аныкталган. Биз борбордо дарыланып жаткан бардык бейтаптар менен кызматкерлерди текшердик.

Анын жыйынтыгында 7 адамдан COVID-19 чыкканы белгилүү болгонун министрдин орун басары тактады. Алардын арасында борбордо иштеген 2 медициналык кызматкер бар.

- Борбордо эмгектенген кызматкерлер учурда обсервацияда, көзөмөл жүргүзүлүп жатат, - деди министрдин орун басары. - Жаңы бейтаптарды борбор азырынча албайт. Ал жакта калган бардык бейтаптар дарылануусун улантат. Абал көзөмөл алдында.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх