Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19 дагы 24 адамдан аныкталды

Өткөн сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан чыгарылды. Жалпы ооругандардын саны 895ке жетти

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустук инфекция жуктурган дагы 24 жаңы учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- 2020-жылдын 7-майына карата республика боюнча коронавирустук инфекция жуктурган 24 жаңы учур катталды, - деди Үсөнбаев. -Бишкекте -2 адам, Чүй облусунда -4, Ош облусунда -3, Жалал-Абад облусунда -3, Нарын облусунда -12 адам. Эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

Бир сутка ичинде ооруканалардан 23 бейтап чыгарылды. Өлкө боюнча коронавирустук инфекциядан жалпы 657 бейтап айыгып чыкты. Медицина кызматкерлеринин арасынан COVID-19 үчөөнөн аныкталды. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 895ке жетти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх