Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Ленин районунун жашоочулары Темир жол ооруканасын обсервацияга колдонууга каршы чыгышты (видео)

Саламаттыкты сактоо министрлиги так чечим азырынча кабыл алына электигин маалымдады

Бишкектин Ленин районунун жашоочулары Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 шектелип жаткан жарандарды Темир жол ооруканасына жайгаштыруу чечимин кабыл алганына нааразы. Медициналык мекеменин короосунун алдына ачууланган шаардыктар чыгышты. Нааразычылык акциясынан тартылган видео социалдык тармактарда тарады.

Бишкектиктер ар кайсы ооруканага жаткыргыдай Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптардын саны анча көп эмес экенин белгилешкен.

«Элдер райондон районго барбасын деп атайын ушундай чечим кылышкан го, кыязы», - деп божомолдошту шаардыктар.

Ал ортодо Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда аныкталбаган этиологиядагы пневмония менен жабыркаган бейтаптарды убактылуу ушул ооруканага жаткыруу маселесин карап жатканын Vesti.kg сайтына билдирди.

Мекеме бул курч эпидемиологиялык абалдагы убактылуу чара болушу мүмкүн экенин тактады.

- Чечим санитардык-эпидемиологиялык иштер аяктагандан кийин кабыл алынат, - дешти министрликтен. - Бир нече вариант каралууда. - Толук чечим кабыл алынгандан кийин кошумча маалымат берилет.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх