Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үй-жайы жок «географ» Кайрат: Бийлик тарабынан чыныгы жардамды азырынча көрө элекмин (видео)

Бишкек комендатурасы ага документ алууга жардам берүүнү убадалаган

Географиялык билими менен социалдык тармактардын колдонуучуларын таң калтырган Кайрат аттуу селсаяк борбор калаанын комендатурасы менен Бишкек мэриясы убадалаган жардамын азырынча көрсөтө элегин айтты.

Инстаграм социалдык тармагында бүгүн анын кайрылуусу тараган.

Кайрат анда Канттан борборго өз алдынча келгенин айтып берген. Бишкек мэриясы аны күтүп туруусун суранып, бирок, ошол бойдон жардам көрсөтүшкөн эмес.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев соцтармактардын “жылдызын” таап, ага жардам бергенин билдирген эле.

Орозалиев, мындан сырткары, Кайраттын документтерин алууга жардам беришерин да белгилеген.

Vesti.kg комендатурасынын басма сөз кызматына бул боюнча кайрылды. Алар ага документ алууга сөзсүз жардам беришерин ишенимдүү айтышты.

-Каттоо кызматы азыр иштеген жок. Тийиштүү мекемелер иштеп баштагандан кийин ага сөзсүз жардам беришет, - дешти алар. - Азык-түлүк жагынан колдоо көрсөткөнбүз. Мэрия өз кезегинде аны ишке орноштурууну убадалаган.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Кайратка кандай жардам көрсөтүлгөнүн такташып, кийинчерээк маалымат беришерин Vesti.kg сайтына билдиришти.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх