Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мэри шаардыктар шаар ичинде кантип жүрө алышарын айтып берди

Суракматов өткөрмө кагаздар эми жок экенин белгиледи. Бирок, жарандар жанына бир катар башка документтерди алып жүрүүгө тийиш

Бишкектин мэри Азиз Суракматов онлайн-брифингдин жүрүшүндө жарандар шаар ичинде кантип жүрө алышарын түшүндүрүп берди.

- Өкмөттүн чечими менен Бишкектин аймагында Өзгөчө абал шартында карантин киргизилди, - деп эске салды ал. - Бул боюнча сындар түшүп жатат. Биз муну түшүнүү менен кабыл алуудабыз. ЖМК өкүлдөрүнөн бизди колдоого алып, абалга акыйкат баа берүүну суранабыз.

Борбор калаанын башчысынын айтымында Бишкектин кириш жана чыгыштарына 16 пост орнотулат.

- Дарыгерлер жарандардын дене таптарын текшерип, керектүү учурда экспресс-тест алганга укуктуу, - деди Суракматов. Шаар ичиндеги санитардык посттор алынды.

Мэр эми өткөрмө кагаздар берилбей турганын маалымдады.

- Дүкөн жана дарыканалар мурдагыдай эле ишин улантат, - деп сөзүн улантты Азиз Эмилбекович. - Өнөр жай жана курулуш компаниялардын иши жанданды. Буга чейин комендатура тарабынан берилген өткөрмө кагаздар жокко чыгарылды. Эми өткөрмө кагаздары болбойт.

Шаар ичинде жүргөн жарандардын жанында паспорт, райондук салык органынын мөөрү басылып, жашаган жана жумушунан берилген справка болууга тийиш. Жеке ишкерлер патент менен жүрө алышат. Мындай чара шаар ичинде канча адам жүргөнүн аныктаганга жардам берет. Салык кызматтары справка берүүдө салык жана башка милдеттенмелердин төлөнүшүн талап кылганга укуктары жок.

Суракматов муну менен бирге шаар ичинде кимдерге тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат экенин тактады.

- Дарыгерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тоскоолдуксуз жүрө алышат, - деди Суракматов. - ИИМнин кызматкерлерине, атайын кызматтарга, ӨКМ, ЖМК, шаардыктардын жашоосун камсыздаган коммуналдык кызматтардын кызматкерлери МСКнын ырастоосусуз, жумушунан алынган справка менен жүрө алышат. Мекемелердин жетекчилери ар бир жумушчуга маалымкат жазып берүүгө тийиш. Ишкананын жетекчиси же башкы бухгалтер аларды салык кызматынан ырастатышы керек. Справка берүү тартиби жеңилдетилет.

МСКнан уруксат алуу чечими жасалма документтерди көрсөтүү учурларына жол бербөө үчүн кабыл алынган. Өзгөчө гана учурларда: үй-жайы жокторго, жакындарына же чач тарач жана сулуулук салондоруна барып келүүнү каалагандарга маршруттук баракча менен шаар ичинде жүрүүгө уруксат берилет.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх