Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жаңы сейил багындагы асфальттын жарака кеткени боюнча үн катты

Муниципалитет мүчүлүштүктү оңдошорун убадалады

Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы ачылган сейил бакка чектешкен Көкчө-Тоо көчөсүнө асфальт ылдый чөгүп кетиши коркунучу болгонунан  бир гана кат куюлган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын муниципалитетинен билдиришти.

- Биз чындыгында эле бир кат асфальт төшөгөнбүз, бирок, бул убактылуу, - деп белгилешти мэрияда. - Ал жерде жер астындагы суулар жакын (тереңдиги -1-1,5м) болгондуктан жолдун ылдыйга чөгүп кеткени байкалууда. Жол чөгүп кеткен жердеги асфальтты кесип алып салабыз. Атайын иштер жүргүзүлгөндөн кийин гана асфальттын экинчи каты төшөлөт. Жол белгилерин болсо жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн, айдоочулардын ыңгайлуулуктарына карап чийип койдук.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Бишкектеги жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы сейил багында асфальттан жарака кеткенин жазган эле. Шаардык тургун сейил бак ачылган күндүн эртеси асфальттын абалын видеого тартып алган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх