Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тегерегиндеги 16 санитардык-карантиндик пост кайсы жерлерге коюлду?

Борбор калаага азык түлүк жеткирген дыйкандарга жашыл коридор түзүлөт

Бишкек карантинге жабык. Шаардын тегерегине 16 санитардык-карантиндик пост коюлду. Посттордон шаарга кирген жарандардын дене таптары текшерилип, коронавирус же сасык тумоонун белгилери болсо медициналык кызматкерлер обсервацияга текшерүүгө жиберүүгө укуктуу.

Борбор калаага азык түлүк жеткирген дыйкандарга жашыл коридор түзүлөт.

Сан-посттор төмөнкү жерлерде орнотулган:

1. "Азамат" унаа базары — Айланма жол;
2. Айланма жол/ "Фрунзе" чарбасы;
3. Васильевский тракт көчөсү/ Айланма жол ("Ак-Жол");
4. Пригородное айылы — Айланма жол;
5. Айланма жол — Маевка айылы (тегеренме жол);
6. Айланма жол — Тендик жаңы конушу;
7. Айланма жол — Киргизия көчөсү (Ала-Арча);
8. Айланма жол — Келечек жаңы конушу;
9. Айланма жол — "Дордой";
10. Айланма жол — Ибраимов көчөсү;
11. Айланма жол — Алма-Ата көчөсү;
12. Айланма жол — ГЭС-5 (тегеренме жол);
13. Жибек Жолу проспектиси — Киргшелк;
14. Кара-Жыгач жана Сары-Жон айылдарынын ортосундагы жол;
15. Горная Маевка айылына карай жол;
16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, зарылдык жок болсо көчөгө чыкпай, үйдө олтурганга аракет кылыңыздар.

Бишкек мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх