Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус Кыргызстанда: +21

Өлкө боюнча катталган жалпы учур 1037ге жетти

Бүгүн, 12-майда Кыргызстанда СOVID-19 дагы 21 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкекте коронавируска 10 адам чалдыкты, Чүй облусунда -1, Жалал-Абад облусунда -3, Нарын облусунда -7. Илдетти жаңы жуктуруп алгандардын арасында 6 дарыгер бар, алардын бардыгы Нарын облусунан.

Республика боюнча COVID-19 катталган учур 1037ге жетти.

Бир сутка ичинде ооруканалардан 21 бейтап чыгарылды. Өлкө боюнча жалпы айыккандардын саны - 709.

- Өлкөдө коронавирус өлүмгө алып келген көрсөткүч 1,2 пайызга барабар, интенсивдүү көрсөткүч бизде 14, 9 пайыз, бул Кытайдын көрсөткүчүнөн жогору, - деп белгиледи Үсөнбаев. - Бул көрсөткүч 100 миң кишинин ичинен ооругандардын санын аныктоого мүмкүндүк берет. Эң жогорку көрсөткүч Нарын облусунда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх