Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Хабиб Нурмагомедов: Атамдын абалы абдан оор, өтө оор

Белгилүү спортчу мекендештерин карантиндин эрежелерин сактоого чакырды

UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов коронавирус менен күрөшүп жаткан атасынын абалы туурасында айтып берди.

- Анын абалы азыр абдан оор, вирус жүрөгүнө да таасирин тийгизди, - деди ал. - Менин 20 жакын туугандарым коронавируска чалдыкты, айрымдары бул дүйнө менен кош айтышып кетти.

Буга чейин ЖМКларда Нурмагомедовдун атасы өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганы тууралуу маалымат тараган.

Спортчу бардык мекендештерин карантиндин эрежелерин бузбай, Орозо айт күнү майрамдык намазга барбоого чакырды.

Мындан сырткары, ал Дагестандын ооруканаларында бош орундар жок калганын кошумчалады.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх