Кийинки дүйшөмбү күнү Орозо айтка байланыштуу дем алыш деп жарыяланды
Кыргызстандыктар үч күн катары менен эс ала алышат
Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 25-май (дүйшөмбү) Орозо айт майрамына байланыштуу дем алыш күнү деп жарыялады.
Министрлик Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, айдын чыгышына карап белгиленген мусулмандардын Орозо жана Курман айт майрамдары майрамы дем алыш күнгө туш келип калса, ал майрамдан кийинки жумуш күнүнө которуларын эске салды.
Ошентип, 5 күндүк иш тартиби менен эмгектендер 23, 24 жана 25-майда, ал эми алты күндүк иш тартибинде иштегендер 24 жана 25-май күндөрү эс алышат.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз