Кыргызстанда COVID-19 дагы 27 адамдан табылды
Алардын көпчүлүгү, тагыраагы 19 адам Нарын облусунда
Кыргызстанда COVID-19 дагы 27 адамдан табылды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жалпысынан өлкөдө катталган учурлар 1270ке жетти.
- Өткөн сутка ичинде Бишкекте коронавирус 4 адамдан, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда -2, Нарын облусунда -19 (алардын ичинен тогузу - медициналык кызматкерлер) адамдан, Ысык-Көл облусунда -1 адамдан табылды, - деп тизмектеп берди Үсөнбаев.
Ал ортодо 12 бейтап илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз