Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коомдук транспортто коронавирустан кантип коргонуу керек? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

Жүргүнчүлөрдүн саны унаадагы отургучтардын санынан көп болбоого тийиш

Кыргызстанда 25-майдан тарта коомдук транспорт кайра иштей баштайт. Vesti.kg буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, коомдук транспортторго санитардык коопсуздуктун кандай талаптары коюларын жана жарандар вирустан кантип өздөрүн коргой алышарын сураган.

Бүгүн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев автобус жана башка транспорттун түрлөрүндө жүргүнчүлөрдүн саны көзөмөлдөнүп турарын айтты.

- Таксилерге белгилүү болгондой экиден ашык жүргүнчүнү салууга болбойт, - деп эске салды ал. - Коомдук транспортто адамдарды отургучтардын санына жараша гана түшүрүү зарыл.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары жүргүнчүлөр бет капчан жүрүүгө тийиш экенин кошумчалады

- Мындан сырткары, ар бир каттамдан кийин салон дезинфекцияланып турууга тийиш, - деп баса белгиледи Үсөнбаев. - Тобокелдик чынында чоң, бирок, эгерде биз аралыкты сактап, колдорду самын менен жууп, бет капчан жүрсөк - өзүбүздү сактай алабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх