Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри: Ар бир соода борборунда бет каптар жана санитайзерлер сатылышы керек

Азиз Алымкулов соода борборлоруна кирген ар бир кардардын дене табы текшерилүүгө тийиш экенин белгиледи

Кыргызстандагы соода борборлорунун жетекчилиги бет каптар менен кол каптардын минимилдык баада сатылуусун камсыздашы керек. Бул тууралуу брифингде Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында соода борборлоруна кирген ар бир кардардын дене табы тепловизордун жардамы менен текшерилүүгө тийиш. Мындан сырткары, Алымкулов соода борборлорунун өкүлдөрүн аралыктын сакталышына көзөмөл салууга чакырды.

- Соода борборлорунун жетекчилиги бет каптар менен кол каптардын минимилдык баада сатылуусун камсыздашы керек, - деп белгиледи вице-мэр. - Имараттардын кире бериштеринде санитайзер жана башка антисептикалык каражаттар болууга тийиш. Базарлардын ээлери катарлардын ортосундагы башаламан соода-сатыкка жол бербеши керек.

Эске салсак, кечээ, 19-майда 25-майдан тарта Кыргызстанда кафе, базарлар жана коомдук транспорттун иши жанданары белгилүү болду.

- 21-майдан тарта соода борборлору иштеп баштайт, бирок, алардагы коомдук тамактануу түйүндөрү, ошондой эле балдар аянтчалары азырынча ачылбайт, - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. - Ошондой эле Калкты тейлөө борборлору, автоунааны каттоо органдары, бут кийим оңдоочу жайлар, эмерек жасоочу цехтер, мал базарлары, жеке мончо жана спа, ошондой эле мейманканалардын иши жанданат, бирок, алардагы бассейн жана спортзалдары иштебейт.

Мындан сырткары, 25-майда коомдук транспорт, галереялар, китепкана, музейлер жана Дордор менен Ортосай базарлары иштей баштайт.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх