Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оренбургдан Бишкекке 164 кыргызстандык учуп келди

Алардын бардыгы обсервацияга жаткырылды

Кечээ кечинде Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен 164 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алардын көпчүлүгү оорулуу жарандар, майыптар, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар, жашы жете элек балдар менен алардын ата-энелери, ошондой эле Москванын хостелдериндеги мекендештер.

КРнын РФдагы элчилиги төмөнкүлөрдү тактады:
«Тилекке каршы, Оренбургдан учарда жасалма паспорт менен Кыргызстандын жарандыгы бар бир аялды кармашып, ага карата кылмыш иши козголду. Мындан сырткары Россиялык жарандыгы бар эки эркек дагы чек арадан өтө алышкан жок».
Кыргызстанга келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылды.

«Эске салсак, КРнын 2008-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган Жеке мүнөздөгү маалыматтар туурасындагы № 58-мыйзамына ылайык, элчилик КРнын жарандарынын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз жарыялай албайт», - деп белгилешти элчиликтен.

Бузулук районунда калган КРнын башка жарандарын алып келүү маселесин кароо уланып жатат. Жакынкы аралыкта элчилик 400 жаранды автобустар менен алып келүүнү пландоодо.

Элчиликтин алдындагы штаб ачык чек ара жөнүндөгү ушактарга ишенип, өз алдынча кыргыз-казак чек арасын өтөбүз деп Оренбург облусуна барбоого чакырат.
«Москвадагы Добрынинская метросунда аферисттер мекенине кетчү жарандардын тизмесин түзгөн бланкаларды да сатууга аракет кылып жатышат, - деп эскертишти дипломатиялык өкүлчүлүктө. - Эскертип коелук, алар көз боемочулар. Мындай бланктар элчиликте бекер берилет».
«Домодедово» жана «Жуковского» аэропортторунан жарандарды алып кетүү үчүн тизмелер түзүлүп жатат деген маалымат дагы чындыкка коошпойт.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы

Сүрөт Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдан алынды

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх