Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аянт-мечиттерде быйыл айт намазы окулбайт

 Мындай чечим коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган

Урматтуу мекендештер! Кыргыз Респуликасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында зарылчылыкка жараша жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 24-майындагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз.

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин КТРК телеканалынан Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх