Улуттук онкология жана гематология борборунда 14 адам коронавирус жуктурду
Алардын сегизи - балдар бөлүмүнүн бейтаптары
Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнөн коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
120 киши текшерүүгө алынып, алардын 14нөн COVID-19 аныкталган.
- Алардын арасында 1 дарыгер, 2 медайым жана дарыланып жаткан 8 бала менен 3 эне бар, - дешти алар. Инфекциянын булагы алдын ала аныкталды. - Эпидемияга каршы бардык иш-чаралар уюштурулду. Обсерватор дарядалып, атайын дарылануу алып жаткан балдар үчүн атайын бөлүм даярдалды.
Коронавирус жуктурган дарыгерлер инфекциондук ооруканага жаткырылганы белгиленди.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз