Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

25-майдан тарта спортзалдар менен бассейндер иштей баштайт

Футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б. жамааттык спорт түрлөрүнө салынган тыюу азырынча алынбайт

Спортзалдары, машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер 25-марттан тарта кайрадан иштей баштайт. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спортзалдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошту”, - деп жазылат маалыматта.

Милдеттүү шарт болуп санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо саналат. Бул имаратты дезинфекциялоо, администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап-кол кап тагынуу тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу, ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү.

“”Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынган (футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б.). Санитардык аралыкты сактоо менен байланышсыз индивидуалдык спорттун түрлөрүнө гана уруксат берилет!”, - деп баса белгилешет борбор калаанын мэриясында.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх