Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

22-май: Кыргызстанда COVID-19 дагы 37 адамдан чыкты

Илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1350гө жетти

22-майга карата Кыргызстанда коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Өткөн сутка ичинде COVID-19 жуктурган дагы 37 учур катталды, - деди Үсөнбаев. - Бишкекте -6, Ош облусунда -6, Нарын облусунда -21. Соль-Илецкиден келгендерден бирөө жана Санкт-Петербургдан келгендерден 3 адамдан табылды.

Ал бир сутка ичинде 20 бейтап ооруканалардан чыгарылганын тактады. Мындан сырткары, үч медициналык кызматкерден коронавирус аныкталган.

Өлкө боюнча башынан бери коронавирус жуктурган жалпы 1350 учур катталды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх