Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын төрөтканасында беш ымыркайга коронавирус жукту

Учурда мекеме карантинге жабылды

Ош шаардык перинаталдык борборунда жаңы төрөлгөн беш ымыркай коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин оорукананын кызматкерлеринин арасынан илдетке чалдыккандар аныкталган.

- Төрөткана карантинге жабылды, ал эми бейтаптардын бардыгынан анализ алынды, - дешти министрликтен. - Эки жумадан кийин 34 адамдан вирус аныкталып отурат.
Алардын ичинен 15 -медициналык кызматкерлер, 14 эне жана беш ымыркай.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх