Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды ден соолуктарын чыңдап, күзүндө коронавирустун экинчи толкунуна даяр болууга чакырды

Нурболот Үсөнбаев таза абага көп чыгып, күнгө күйүп, чуркоонун пайдасын белгиледи

Кыргызстандыктар күзгө чейин ден-соолуктарын чыңдап, коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даяр болушу керек. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Күз менен кышында бизде адатта грипптин сезону болот, биз гриппке каршы вакцинаны турукташтырууга аракет кылабыз, - деди ал. Мен жайкы убакытты өзүңөрдүн жана балдарыңардын ден соолуктарын чыңдоо үчүн колдонууга чакырат элем. Таза абада көбүрөөк жүрүп, чуркап, күнгө күйүү маанилүү. Өзгөчө 50 жаштан ашкан жарандарыбыз ден соолуктарына байкоо жүргүзүшү керек. Өнөкөт оорулар болсо, аны дарылап, айыкканга болгон аракетти салуу зарыл.

Министрдин орун басары министрлик менен өкмөт вирустун калк арасында жайылышын азайтуу үчүн болгон аракеттерди көрөрүн кошумчалады.

- Азыркы жүргүзүп жаткан ишти күзүндө да улантабыз, - деди ал.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх