Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19 дагы 68 адамдан аныкталды

Алардын арасында Россиядан келген 26 курсант бар

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Кечээ 2494 анализ жүргүзүлүп, 68 кишиден вирус чыкты, - деди ал. - Бишкекте - 9 адам жана Россиядан келген 26 курсант, Чүй облусунда -5, Ош шаарында -2, Баткен облусунда -4, ошондой эле Россиянын Оренбург облусунан келген жарандардын ичинен 21 киши (алардын 11и - кош бойлуу аялдар жана 10 студент).

Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 1662ге жетти, 22 бейтап ооруканалардан чыгарылды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх