Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаардык төрөт үйүндөгү обсервацияга алынгандар башка ооруканага которулду

Жапысынан 167 адам башка обсервацияга которулган

Ош шаардык төрөт үйүндөгү обсервацияга алынган жарандар шарты бар башка клиникаларга которулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк калаанын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында жалпысынан 167 адам которулган: медициналык кызматкерлер, жаңы төрөгөн энелер, ымыркайлар жана бейтаптар.

- Кечээ кечинде алгоритм жана пландарга ылайык, алар толук шарттары бар жеке жана мамлекеттик клиникаларга которулушту, - деди Абсаттаров. - Бул жарандардын бардыгы үстүбүздөгү жылдын 12-майынан тарта обсервацияда жатышат. 30-апрелден 12-майга чейин шаарда абал туруктуу эле, башкача айтканда COVID-19 аныкталган жаңы учурлар катталган эмес. 12-числодо вирус аталган төрөткананын кызматкеринен табылган.

Кечээ ата мекендик ЖМКлар аталган обсервацияга алынган аялдар качууга аракет кылышканын жазып чыгышкан. Абсаттаров алар менен баарлашканын белгиледи.

- Белгилүү болгондой, кечээ Ош шаарында 35 адамдан коронавирус табылган, - деп белгиледи ал. - Бардык бейтаптар аталган төрөтканадагы обсервацияга алынышкан. Биринчи тесттери таза чыккан, экинчиси вирус бар экенин көрсөткөн. Балким, адамдар муну укканда коркуп, үйлөрүнө кетүүгө аракет кылышкан. Бирок, вице-мэр жана Ош шаары боюнча саламаттыкты сактоо координатору жерине келип, алардын талаптарын угушкан.

Муну менен бирге ал экинчи анализ таза чыкса алардын бардыгы үйлөрүнө жиберилерин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх