Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19: Акыркы суткада коронавирус 12 медициналык кызматкерден табылды

Илдетке чалдыккандардын көбү - Нарын облусунан

Акыркы суткада Кыргызстанда 12 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 362 медициналык кызматкер илдетке чалдыкканы белгиленди, алардын ичинен 252си айыгып, ооруканалардан чыгарылган.

- Бүгүн медициналык кызматкерлердин ичинен Бишкекте 4 учур катталды, Ош шаарында -1, Нарын облусунда -6, Ош облусунда -1 учур катталды.

Жалпысынан 1-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 1817 учур катталды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх