Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды

Россиядан келген курсанттардын арасынан COVID-19 дагы 18нөн чыкты

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1817ге жетти.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын маалыматына ылайык, акыркы суткада COVID-19 дагы 69 адамдан аныкталды.

- Акыркы суткада 1551 анализ жүргүзүлүп, 69 адамдан коронавирус чыкты, - деди ал брифингде - Бишкекте -21, ошондой эле Россиядан келген 18 курсанттан, Чүй облусунда -6, Нарын облусунда -14, Ош шаарында -8, Ош облусунда -1.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары ошондой эле COVID-19 аныкталган жаңы 69 учурдун 18и гана сырттан келгендерден экенин, калган жарандар байланыш аркылуу илдетке чалдыгышканын белиледи.

Беш адам ооруну кайдан жуктурганы азырынча аныктала элек.

Ал ортодо өткөн суткада 11 бейтап ооруканалардан чыгарылды. Республика боюнча жалпысынан 1181 жаран илдетти жеңип чыкты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх