Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри: 14-майдан бери кафе, дүкөн жана ресторандарга миллион сом айып пул салынды

Азизбек Алымкулов ишкерлерди санитардык эрежелерди сактоого чакырды

Бишкекте 14-майдан баштап ушул күнгө чейин кафе, дүкөн жана ресторан түрүндөгү ишкердик субъектилерине миллион сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу брифингде борбор калаанын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында Бишкектин мэри Азиз Суракматов райондук администрациялардын башчыларына базар, соода түйүндөрү жана коомдук транспорттору боюнча күнүмдүк рейддерди жүргүзп турууну тапшырган.

Жалпысынан мобилдик топтор тарабынан 14-майдан бери 4528 объект текшерилген, - деди Алымкулов - Бир миллион сомго жакын акчага 447 протокол түзүлгөн. Мэрия ишкерлерге айып пул салууну эмес, башкысы коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алууну көздөйт.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх