Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мени тилдегендерди тилдегеним үчүн соттолуп кетишим мүмкүн». Блогер Сыдыман жарандардан сотто колдоп берүүнү суранды

Ал аймак аралык кастыкты козутканы үчүн жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Блогер Элмир Сыдыманов катталуучуларынан сотто чечим чыгаруу учурунда аны колдоп берүүнү суранды. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы жеке баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, бүгүн Октябрь райондук сотунда блогерге карата өкүм чыгарылмак, бирок, сот техникалык себептер боюнча башка күнгө жылдырылды. Ал соттук отурум эртең, 2-июнда, саат 09:00дө өтө турганын Vesti.kg сайтына билдирди. Сыдыманов жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Мени тилдегендерди тилдегеним үчүн 7, 5 жылга эркимден ажырап калышым мүмкүн. Эмоцияларга алдырганым үчүн абдан өкүнөм», - деп жазган ал.

Блогер бардык кайдыгер эмес жарандарды келип, өкүм чыгаруу учурунда колдоп берүүнү суранган.

«Мүмкүн ошондо гана соттор адилетүү чечим чыгарат. Менин апам президент Сооронбай Жээнбековго кайра кайрылды. Анын мурдагы кайрылуусу менин үй деп жазган блогер.

Сыдымановдун апасы Махаббат Молдомусаева кайрылуусунда президент Сооронбай Жээнбековдон уулун 7 жети жылга эркинен ажыратпай, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнө өтүнгөн.

Эске салсак, блогер аймак аралык кастыкты козутуу боюнча кармалган. Sydyman Инстаграм социалдык тармагындагы жеке баракчасында Кыргызстандын айрым аймактарынын тургундары тууралуу терс пикирлерин билдирген.

Кийин ал кыргызстандыктардан кечирии сураган видеосун жүктөгөн.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх