Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19 аныкталган бир аял көз жумду

Өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 28 учур катталды

2020-жылдын 2-июнуна карата Кыргызстанда СOVID-19 дагы 28 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Илдетке жаңы чалдыккандардын 11и Бишкектен аныкталган, бирөө - Нарын облусунан жана Ош облусунда 16 жаран бар.

Республика боюнча жалпысынан COVID-19 1845 адамдан аныкталды.

Бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 609 адам дарыланууда, алардын ичинен төрт бейтап кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө.

Өткөн сутка ичинде ооруканалардан 38 бейтап айыгып чыгшты:
Бишкекте – 18;
Нарын облусунда – 6;
Ошто– 6;
Ош облусунда – 6
Жалал-Абад облусунда – 2

Башынан бери өлкө боюнча 1219 адам коронавирусту жеңип чыкты.

Муну менен бирге Нарын облусунун бириктирилген ооруканасында COVID-19 аныкталган 79 жаштагы аял көз жумду.

- Ал кант диабетинен жана жүрөк оорусунан жабыркачу, - деди Үсөнбаев. Дем алуусу кыйын болуп, кислороддук аппаратта жаткан. Дарыгерлердин бардык аракеттерине карабай өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

COVID-19 өлкө боюнча жалпысынан 17 адамдын өмүрүн алды.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх