Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда карантин маалында ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көбөйдүбү? Каттоо кызматынын жообу

Буга чейин Кытайда карантин маалында ажырашкандардын саны кескин көбөйгөнү маалымдалган

Дүйнөлүк ЖМКлар Кытайда коронавируска байланыштуу жарыяланган карантиндин айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны кескин көбөйгөнүн жазып чыгышкан.

Vesti.kg Кыргызстанда бул көрсөткүч Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал режимдери учурунда кандай болгонун билмекчи болду.

Мамлекетти каттоо кызматынын басма сөз кызматы Өзгөчө абал режими жарыяланган аймактарда ЗАГС бөлүмдөрү иштебегенин Vesti.kg сайтына белгилешти.

Өзгөчө абал жүргөн аймактарда ЗАГС бөлүмдөрү 21-майдан тарта гана кайра иштей башташты, - дешти алар. - Өзгөчө кырдаал режими жарыяланган аймактарда жарандык абалды каттоо бөлүмдөрү иштеп жатты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 25-мартынан 1-июнуна чейин 672 үй-бүлө расмий ажырашкан. 2019-жылдын ушул эле убакыт аралыгында 1776 жубай эки ажырым жолго түшкөнү белгилүү.

Муну менен бирге МКК 2019-жылдын аталган мезгил убагында 6661 жубай никеге турганын, ал эми 2020-жылдын ушул эле убагында 2306 жаңы үй-бүлө курулганын белгиледи.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх