Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдө коронавирустан дагы бир медициналык кызматкер көз жумду

Акыркы суткада COVID-19 үч адамдын өмүрүн алды. Ооруга жаңы чалдыккандардын саны - 26

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекция дагы 26 адамдан аныкталды. Жалпысынан ооруга чалдыккандардын саны 1871ге жетти.

Брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, өткөн суткада COVID-19га 2377 анализ жүргүзүлгөн.

- Тилекке каршы, акыркы суткада өлкөдө коронавирустан үч бейтап каза таап, жалпысынан бул илдет 20 адамдын өмүрүн алды. Алардын бирөөсү биздин кесиптешибиз, пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылап келген. Экинчиси - Жалал-Абад облусунун тургуну, ал эки тараптуу пневмония менен жабыркап жаткан, ага чейин жүрөгүнөн операция болгон. Бүгүн эртең менен Нарын облусунда үчүнчү бейтап көз жумду. Анда дагы өнөкөт оорулары болгон, буга чейин инсульт алып, жогорку кан басымынан жабыркап жүргөн.

Ал ортодо бир сутка ичинде 46 жаран коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Жалпысынан ооруну жеңип чыккандардын саны 1265ке жетти.

Өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1871ге жетти.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх