Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алексей Петрушевский: Бишкек шаардык сотунун чечими жакамды карматты

Балдардын жана жаштардын реабилитациялоо борборунун мурдагы башчысы өкүм боюнча Жогорку сотко арыз менен кайрыларын билдирди

Бишкек шаардык соту Балдардын жана жаштардын реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевскийдин кызматынан алынынышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдап, чечимди мыйзамсыз деп белгиледи.

- Мен чечимге макул эмесмин, - деди Петрушевский. - Шаардык сот башынан эле биздин ишке бир беткей мамиле кылып баштады. 13-майда биз кассациялык арыз бергенбиз, алар мыйзамга ылайык, соттук ишти токтотуп, чечим чыгарбай туруш керек эле. Мен мындай чечимден жакамды кармап отурам

Ал бул чечим боюнча Жогорку Сотко арыз менен кайрыларын айтты.

- Албетте, мен шаардык соттун чечими боюнча арызданам, - деп сөзүн улантты Петрушевский. - Ал жактагы судьялар өз иштерин мыктыраак билет жана бул ишти талдап чыгышат деп ишенем.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын июнь айында Свердлов райондук сот Петрушевскийдин кызматынан алынуусун мыйзамсыз деп тапкан.

Эске салсак, Балдардын жана жаштардын реабилитациялоо борборугнун мурдагы директору Алексей Петрушевский кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча айыпталууда. Анын жактоочусу Елена Гаврилованын айтымында, 2017-жылы борбордо тарбияланган балага чоочун аял жардам бере баштаган, анткени баланын өзүнүн апасы коомго жат жашоону башынан кечирчү. Петрушевский аялга бала менен жолугушуп турууга уруксат берген.

Кийин аял балага камкордук каттатайын деген, ошол маалда анын туугандары пайда болуп, баланын каршы болгонуна карабай алып кетип калышкан. Гаврилова Петрушевскийдин кармалышы муниципалдык бийликтин кысымына байланыштуу деп болжолдойт.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх