Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сыдыман» убактылуу кармоочу жайдагы килейген келемиштер жана «фени» туурасында. Чырлуу блогер менен маек (видео)

Аймак аралык кастыкты козутуу боюнча 6 жыл эркинен ажыроо коркунучу алдында турган кыргызстандык блогер мекендештери тарабынан мынчалык колдоо болорун күткөн эмес

Аймак аралык кастыкты козутуу боюнча айыпталып жаткан блогер Эльмир Сыдыманов («Sydyman») Vesti.kg сайтына эксклюзивдик маек куруп, убактылуу кармоочу жайдын суук камерасында келемиштер менен чогуу өткөргөн убактысы жөнүндө айтып берип, ошондой эле өзүнө каршы козголгон кылмыш иши тууралуу өзүнүн пикирин да билдирди.

Ал ошондой эле, кармалганга чейин Казакстанда дээрлик бир ай жашап, ал жакта туруктуу жашап калуу жөнүндө ойлонгону жөнүндө да сөз кылды.

Абактагы шарттар туурасында айтып берсеңиз?

Мен убактылуу кармоочу жайында кармалдым. Мага ал жактан камерада чогуу жаткандар да, укук коргоо кызматкерлерди да жакшы мамиле жасашты. Бир четинен көңүлдүү да болчу. Ал жерде жалаң киши өлтүргөндөр же зордукчулар отурушат деп бардыгы коркутушат. Негизи, берене боюнча мени менен ошондой эле адамдар отурду. Бирок, алар мага окшогон эле адамдар жана арасында күнөөсүүздөрү да бар болушу мүмкүн. Бирок, мен өзүм ал жактан корккон жокмун. Көбүнчө динге берилген кишилер экен.
Албетте, ал жакта укмуш шарттар жок. Суук, бир матрас жана килейген келемиштер. Эки кабат керебеттин үстүндө жатып, ылдыйды карагандан коркчумун. Китеп окудумбу? Болсо гана. Даарат кагазынын ордуна гезиттердин кесиндилери болчу, мен ошолорду окучумун.

Камеранын төбөсүндөгү ар түрдүү сленг, АУЕ аббревиатураларын жана башка ар кандай жазууларды окуу менен убакыт өткөрчүмүн. Бул дүйнө мага космос сыяктуу эле. Камерада бирге жаткандар мага бул эмне экенин түшүндүрүштү. Мен эч качан түрмөдө отурган эмесмин, мындай адамдардын чөйрөсүндө болгон эмесмин. Ал жакта колдонулган фени тилин үйрөнө баштадым, мага кызык болду десем болот.

Бир нече күндөн кийин СИЗОго которулам деп ойлогондуктан, фени тилинде суракка алышат деп болжогом. Эмне деп жооп береримди билбей отурсам, көйгөйлөргө учурамакмын.

Ошондо азыр фени тилинде ээн-эркин сүйлөп калдым деп айта аласызбы?

Эми, бул терминдер менен таанышмын деп гана айта алам. Ошол маалда эркиндикке чыккандан кийин катталуучуларыма ал жактагы дүйнө тууралуу айтып берсемби деген да ой кетти… Бирок, мага эң башкы мыйзам - эч нерсени чыгарбоо, жарыялабоо экенин түшүндүрүштү. Ошондуктан, азыр эч нерсе айта албайм.

Жактоочунун кызмат акысы үчүн каражат топтоп баштадыңыз эле. Акча чогулдубу?

Бир сутка ичинде 6-7 миң сом чогулду. 200-300 сомдон, ар кандай суммадагы акча жөнөтүп жатышты. Мага учурда колдоо көрсөткөн туугандарыма жана кайдыгер эмес жарандарга абдан ыраазымын. Мага жардам беришет деп ойлогон эмесмин. Мени бардыгы жек көрсө керек дечүмүн. Мен буга татыктуумунбу деген ой да кетип жатат.

Окуя болгон учурда сиз Казакстанда элеңиз. Ал жакта калып калайын деген ой болдубу?

Алматыда жашап жатканыма бир айдай болгон. Ал учурда укук коргоо кызматкерлери мага чалыша элек болчу, бирок, ар кандай адамдардан коркутуулар түшүп жаткан. Күнүнө 200-300 билдирүү келчү. Кимдин эле жашагысы келбесин, калайын деп ойлодум. Бирок, чакыруу кагазы келгенден кийин колум менен кылганды башым менен тартышым керек экенин түшүндүм. Үй-бүлөм да бул жакта. Ошондуктан, мекениме келейин деп чечтим.

Бийлик интернеттеги билдирүү үчүн темир тор артына кесип жиберүгө дити барат деп ойлойсузбу?

Үч түкүрүңүз. Жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Азыр ал жөнүндө ойлонгум да келбейт. Мен ал айткандарым үчүн бир нече жолу кечирим сурагам. Туура эмес кылганымды билем. Ал эфирде сүйлөгөн сөздөрүмдөн өзүм уялам. Ал эфирден кийин дароо кечирим сурап чыккам. Менин апам түштүктөн. Мен анын алдында, туугандарымдан, досторумдан кечирим сурадым.

Бул окуя мага ким чыныгы дос экенин, кайсы туугандарым мен үчүн күйөрүн көрсөттү. Кээ бирлери келип, жардам берет айрымдарынан дайын жок.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында блогер соцтармактагы сүйлөгөн сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутуу белгилери бар деп кармалган. Мамлекеттик айыптоо Сыдымановду 6 жыл эркинен ажыратууну суранган.

Зулайка Эркимбаева
Гулиза Чудубаева
Фото Vesti.kg
Видео Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх