Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги бала бакчалардын бардыкы кызматкерлери коронавируска текшерилет

Анализдер акысыз алынат

Эртеңки күндөн тарта борбор калаадагы бала бакчалар иштей баштайт. Бишкекте 87 муниципалдык, 12 мекемелик жана 218ге жакын жеке бала бакчалар иштейт.

Мамлекеттик штаб муниципалитеттин бардык бала бакчалардын (анын ичинде жекелердин дагы) кызматкерлерлерин коронавируска текшерүү сунушун колдоду.

Бишкек мэриясы бардык бала бакчалардын жетекчилигине өз кызматкерлеринин тизмесин тез арада райондук акимиатка өткөрүүнү суранат. Ар бир районго жоопкерчиликтүү кызматкерлер дайындалган, алар бала бакчаларда иштеген адамдардын саламаттыгын текшерүүнү уюштурат. Анализдер бекер алынат.

Октябрь району: 51 02 01, 0501 00 13 11 - Рахмидин Халилов;

Свердлов району: 531583, 0551 80 05 41 – Анара Насирдин;

Ленин району: 65 68 79, 0700 11 06 29 – Бермет Исаева ;

Биринчи май району: 62 35 02, 0702 12 19 82 – Гулжан Жангазиева.

Ошондой эле мэрияда:

1.Бала бакчалардын ишмердүүлүгүн убактылуу регламенти;

2. Ата-энелер үчүн анкеталар;

3. Ата-эненин баласынын саламаттыгын камсыздоо боюнча милдеттенме формасы иштелип чыкты.

Документтерде бала бакчалардын пандемия шартында иштөө шарттары аныкталган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх