Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда облустар жана райондор аралык жүргүнчү ташыган каттамдар толук кандуу ишке кирет. Вокзалдарда салондогу жүргүнчүлөрдүн саны текшерилип турат

Транспорт каражаттарынын 70 пайыздан ашпаган орундуктарына жүргүнчүлөрдү салууга болот

5-июндан баштап республика боюнча облустар жана райондор аралык жүргүнчү ташыган каттамдар толук кандуу ишке кирет. Автоунаа, суу транспортунун жана салмактык ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусу Касымалы уулу Арслан аталган каттамдардагы айдоочулардын милдеттерин белгилеп өттү. Айдоочулар ар бир каттамдын алкагында медициналык көзөмөлдөн өтүүгө тийиш экени айтылды.

Мындан сырткары, жүргүнчү ташыган унаалардын ичи рейске чыгуудан мурда дезинфекцияланышы шарт, ал эми айдоочусу медициналык текшерүүдөн өтүшү кажет. Беткап, кол кап менен иштеп, антисептикалык каражаттарды колдонуу зарыл. Ал эми транспорт каражаты 60-70%га гана жүргүнчүлөр менен камсыз болушу керек. Бул шарт автовокзалдарда жана санитардык-карантиндик посттордо текшерилип турат.

Жүргүнчүлөргө да талаптар жок эмес.

-Жүргүнчү транспорттору жогорку коркунучтагы жуктуруп алуу булактары болуп эсептелет, - деп белгиледи ал. - Андыктан жарандар беткап режимин сактап, антисептикалык каражаттарды да колдонуулары зарыл.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх