Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирустан өлкөдө дагы эки адам көз жумду

Өткөн суткада СOVID-19 дагы 37 адамдан аныкталды

Акыкыркы суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

- Бишкекте -14, Чүй облусунда -7, Нарын облусунда -6, Ысык-Көл облусунда -3, Ош шаарында - 1, Ош облусунда -5, Баткен облусунда 1, - деп билдирди ал.

Үсөнбаев жаңы катталган 37 учурдун 17си сырттан келгендерден аныкталганын белгиледи.

- 8 бейтап ооруну кайдан жуктурганы белгисиз, - деди министрдин орун басары.

Мындан сырткары, өткөн суткада коронавирустан эки адам көз жумду.

- Бирөөсү Бишкек шаарынын 1938-жылы туулган тургуну, аял киши, - деди ал. - Ал кант диабети, гипертония, ошондой эле жүрөк оорусунан жабыркап келген. Улгайган аял «Автомаш-Радиатор» ишканасында иштеп, коронавируска чалдыккан кызынан илдетти жуктуруп алган. Экинчи бейтап Ош шаарынан, ал дагы аял киши, лейкоздон дарыланып жаткан ооруканадан коронавирусту жуктуруп алган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх