Акыркы суткада 6 медициналык кызматкерден коронавирус табылды
Жалпысынан өлкө боюнча ооругандардын саны 1936га жетти
Акыркы суткада 6 медициналык кызмкаткерден коронавирус аныкталды. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен Бишкекте -2, Ош шаарында -1, Нарын облусунда -3 ак халатчандардын илдетке чалдыкканы белгилүү болду.
Жалпысынан COVID-19 378 медициналык кызматкерден аныкталганы белгиленди. Алардын 272си ооруну жеңип чыгышты.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз